Турмушка чыккандан кийин кыздардын кыялына чекит коюлабы?
Кыргызстанда кыздардын 12,7 пайызы 18 жашка чыга элек туруп турмушка чыгышат.
Окуу жайда окуп жүрүп, ала качып кеткен кыздын орундалбай калган кыялы.
Айнагүл Зундуева
Окууну бүтүп, мен да таза, жылуу-жумшак ишканада иштегим келчү. Бул тууралуу көп кыялдангам. Студент убагында болсо, мугалим болууну каалачумун. Анткени билимимди дагы да өркүндөтүп, аспирантурада окуумду улантуу менин максатым эле.
Айнагүл Зундуева Алай районунун Күң-Элек айылынын тургуну. Ал учурунда мектепте жакшы окуп, андан кийин жогорку окуу жайга тапшырган. Студенттик күндөрүндө ар кандай коомдук иштерге активдүү катышып, студенттер арасындагы сынактарда алдынкы орундарды алып келген.
Бирок анын бул кыялдары орундалбай калды. Анткени аны башка айылдагы жигит ала качып кеткенден кийин, үй-бүлөдө турмуш шарты болбогон. Айыл жериндеги күнүмдүк тиричилик бир кезде келечектен көптү үмүттөндүргөн студент кыздын кыялдарына чекит койду.
Маалыматка караганда Кыргызстанда турмушка чыккан кыздардын 20 пайыздан ашыгы ала качып (кыздын макулдугу менен же макулдугусуз) турмушка чыккан. Алардын 6 пайызы мажбурлап турмушка чыккандар. Ал эми ала качуу фактысы шаарга караганда айыл жергесинде дээрлик эки эсе көп катталган.
КМШ өлкөлөр арасындагы Аялдар жана Эркектер боюнча статистикалык комитеттин маалыматына караганда, Кыргызстанда 12,7 пайыз кыздар 18 жашка чыкпай туруп турмушка чыгышат. Тагыраак айтканда, ар бир сегизинчи кыз мыйзамда көрсөтүлгөн жаш курака жетпестен туруп күйөөгө тийет. Мындан улам, алардын көпчүлүгү мектепте 10-11-классты да бүтпөй калышат.

Эскерте кетсек, өлкөдө мыйзам боюнча кыздар жана балдарга 18 жашка чыккандан кийин үй-бүлө курууга уруксат берилет.
Статистикалык изилдөө көрсөткөндөй, өлкөдө 12,7 пайыз кыздар 18 жашка толо элек туруп турмушка чыгышат. Ал дегени, көпчүлүгү мектепти толук аяктабай да калышат. Бирок 18 жашка чыга элек кыздар үй-бүлө курууга даярбы?
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, соңку жылдары өлкөдө ала качуу жана мажбурлап турмушка берүү фактылары азайган. Мисалы: 2011-жылы жашы жете элек кыздарды ала качуу боюнча аталган министрликке 35 арыз келип түшсө, 2015-жылы 2 факты катталган. Ал эми, ала качуу жана мажбурлап турмушка берүү боюнча 2014-жылы жалпы 33 кайрылуу келип түшсө, 2015-жылы бул көрсөткүч 10 фактыга кыскарган.
Түмөнбай Колдошев
ОшМУнун социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору, доцент
Түмөнбай Колдошев Ош мамлекеттик университетинин социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору, доцент. Анын айтымында, жогорку окуу жайларда, колледждерде окуп жаткан кыздар турмушка чыккандан кийин өздөрүнүн үстүнөн иштөөсү начарлайт. Көпчүлүк дээринде бар кыздар үй-бүлө курганга чейин ар кандай иш-чараларга активдүү катышып, өздөрүнүн билимин, талантын көрсөтүп келишет. Ал эми турмуш кургандан кийин алардын баары экинчи орунга өтөт:
Жакшы окуган кыздар кээде өзүнө татыктуу болбогон жигитке турмушка чыгышат. Алардын басымдуу бөлүгү алып качып кетишкендигине байланыштуу отуруп калышат. Ошондой учурларда экөөнүн интеллектуалдык деңгээли дал келбей, келечеги туңгуюкка түшүп калууда. Жубайлар бала-чакалуу болушуп, күнүмдүк турмушу өтө бериши мүмкүн, бирок жигит да, кыз да бири-бирине канааттанбай, баары бир ортодо чыр-чатактардын келип чыгышына себепкер болот.
Ош мамлекеттик университетинин студенттери
Окуу жайларда окуп жатышкан кыздар турмушка чыга электе окуусуна көңүл бурушуп, коомдук иш-чараларга активдүү катышышат. 1-2-курстарда өздөрүн ар тараптуу көрсөткөндөн кийин алардын деңгээлин мугалимдери да байкашат:
Студент кыздар турмушка чыкканга чейин алардын жакшы окугандыгын эске алышып, мугалимдери жардамдарын беришет. Мисалы: сессия, модулдарда кайнене, кайнатанын колунда жашаган студент жыргатып бешке окуй албайт. Себеби үй-бүлөнүн тиричилиги бар; эрте турушу керек, идиш-аягын жуушу керек дегендей. Бала-чакалуу болушкандан кийин алардын түйшүгү эки эсеге көбөйөт. Турмуштун түйшүгү көбөйгөндөн кийин сабакка көңүл буруусу экинчи, үчүнчү пландарга өтүп кетет. Алардын мурда жакшы окугандыгын, анын адамгерчиликтүүлүгүн эске алып, мугалимдер аларды колдошот. Себеби алар да окуусун бүтүп алышсын дешет. Анткени алар да башка студенттер сыяктуу окуусуна контракт төлөшөт, ошол акчасына күйүп кетпеши үчүн да адамгерчиликке барууга туура келет.
Булак: Ош мамлекеттик университети, 2017
Ош мамлекеттик университети өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын арасында студенттердин саны боюнча алдыңкы орундарда турат. Аталган университетти 2016-2017-окуу жылында артыкчылык менен бүткөн бүтүрүүчүлөр боюнча маалыматка караганда, жалпы 308 студент артыкчылык дипломго ээ болушкан. Алардын 272си кыздар болсо, 36сы балдар болушкан. Башкача айтканда, жалпы артыкчылык менен бүткөн студенттердин 12%ы гана эркек балдар. Демек, статистикалык маалымат көрсөткөндөй, кыз балдар эркек балдарга караганда дээрлик 7 эсе көп артыкчылык (кызыл) дипломго ээ болушкан.


Эркек балдарга караганда кыз балдар 7 эсе көп артыкчылык дипломго ээ болушкан
Булак: Ош мамлекеттик университети
Жамиля Капарова "Энсан Диамонд" коомдук бирикмесинин директору.
Аталган бирикме аялдардын укуктары, зордук-зомбулуктарга кабылгандарга жардам көрсөтүп келет. Мындан сырткары, өлкөдөгү кыз-келиндердин гендердик укуктарына басым жасап, аларды түрдүү окуу курстары аркылуу окутуп турушат.

Капарованын айтымында, бир эле убакта окуусун да улантып, үй-бүлөдөгү иштерин да бүтүрүү турмушка чыккан кыз балдар үчүн жеңил болбойт. Анткени мурда үйүндө окуп билим алуусуна кеңири мүмкүнчүлүктөр болсо, келин болгондон кийин толук шарттар болбой калат.
Жамиля Капарова
"Энсан Диамонд" коомдук бирикмесинин директору
Дүйнөлүк экономикалык форумдун гендердик бөлүнүү боюнча маалыматына таянсак, кыз балдар орто жана жогорку окуу жайларда басымдуулук кылышат. Ошол эле учурда, серепчилердин баамында, көпчүлүк эркек балдар турмуш шартына байланыштуу окуусун уланта албай калышат. Ал эми кыз балдар турмушка чыккандан кийин окуусунан аксап калышат.
Гульсана Эсенбаева кыздарыбыздын турмушка чыгышы менен окуусу жана карьерасы биротоло токтоп калат деген пикирге кошулбайт. Ал буга чейин Ош шаардык Кеңешке эки жолку чакырылыштын депутаты болуп шайланган. Буга жолдошу жана жакындары жакындан көмөктөшкөнүн айтат.

Эсенбаеванын баамында бүгүнкү күндө уучубуз куру эмес. Себеби, өлкөдө билимдүү, потенциалы жогору кыздар көп. Ошол эле учурда, алар мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууда негизинен үй-бүлөсүнүн колдоосуна муктаж. Аларга элибиздин менталитети, чөйрөсү да таасирин тийгизет. Бирок, эгер алар алдыга карай бийик максат койсо, анда ар кандай тоскоолдуктарды жеңип өтүп, өз максатына жетишсе болот.
Гульсана Эсенбаева
Ош шаардык Кеңешинин депутаты
Турмушка чыккан кыз менен өмүрлүк жолдошунун ой жүгүртүүсү дал келбегендиктен да көпчүлүгү болгон дараметин, талантын өнүктүрө албай жатышкандыгы өкүнүчтүү көрүнүш.
Мындан сырткары, үй-бүлөнүн бекем болушу үчүн алардын билим деңгээли, дүйнө таанымы да чоң ролду ойнойт. Изилдөө көрсөткөндөй, бүгүнкү күнү өлкө аймактарында орто жана жогорку окуу жайларда окуган кыздардын саны балдарга салыштырмалуу көп. Түрдүү окуу жайларда окуп билим алышкан кыздар менен окубай калган жигиттердин ортосунда да айырма бар. Ошол эле учурда, жубайлардын ой жүгүртүүсү дал келбегендиктен да көпчүлүк кыздар болгон дараметин, талантын өнүктүрө албай жатышкандыгын Гульсана айым белгилейт.
Гульсана Эсенбаева
Ош шаардык Кеңешинин депутаты
Гульсана Эсенбаева. Ош шаардык Кеңешинин депутаты.
"Билимдүү адам эч качан жерде калбайт. Эгер адам өз дараметин көрсөтө алса, анда турмушу үчүн, өлкөнүн өнүгүшү үчүн ар дайым өз салымын кошсо болот. Ал үчүн талыкпаган эмгек гана талап кылынат."
Гульсана Эсенбаева
Ош шаардык Кеңешинин депутаты

Аялдардын саясаттагы орду
Жогорку Кеңеш
Аял кишилердин саны бийлик бутактарында мыйзамда көрсөтүлгөндөй 30% болуусу керек. Бирок бул норма бүгүнкү күндө аткарылбай келет. Себеби кээ бир мыйзамдарда аны буйтап кетүү жолдору да бар. Мисалга: партиялардагы тизмелерде 30 пайыз аялдар болушу керек. Аны болсо фракциянын жетекчиси чечет деген жери бар.
Гүлгакы Мамасалиева
серепчи
Кыздарыбыз турмушка чыккандан кийин көп мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыра албай калышат.
Гүлгакы Мамасалиева ялдардын коомдогу жана саясаттагы орду жаатында иш алып барат. Анын баамында, кайсы гана тармакта болбосун аял кишилерге болгон мамиле бир аз жумшак болуусу керек. Буга мисал; көп учурларда аялзатын эркек аткаминерлери менен тең карашат. Ошол эле учурда лирдерлик сапаттар аялдарга караганда эркек кишилерде көбүрөөк болот. Кыздарыбыз болсо турмушка чыккандан кийин көп мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыра албай калышат.
Гүлгакы Мамасалиева
серепчи

Аялдардын Ислам дининдеги орду
Дин таануучу Абы уулу Давудбек Ислам дининдеги аялзатына болгон мамилени жакындан окуп билүү керектигин айтат. Анын пикиринде, бүгүнкү күндөгү дин тутунуучу жарандарыбыз кээде аялзатынын диндеги ордунан кабары жок. Ошондуктан пайгамбарыбыздын акыл-насааттарынан туура эмес жыйынтык чыгарышат жана коомдо аял кишилердин ордун төмөн көрүшөт.
Дин таануучунун айтымында, кээде коомубузда динге каршы келген учурлар пайда болууда. Мындай учурда биринчилерден болуп эркек кишилер аялзатынын өсүп-өнүгүшү үчүн бардык аракетин көрүшү керек. Аларга шарт түзүп, колдоп турушу зарыл.
Ош шаары
Жамиля Капарованын айтымында, окуп билим алган кыздар менен окубай калган жигиттердин ортосунда чоң айырмачылыктар бар. Анткени "элибизде тең-теңи менен" деген сөз бар. Ошондуктан, жогорку билимдүү кыз, өзүндөй интеллектуалдык жактан деңгээли жогору жигиттерди издейт.
Турмуш курууга жашы жеткен кыз балдардын окуудан башка дагы, турмушка чыгуу сыяктуу бир маселеси пайда болот.
Турмуш курууга жашы жеткен кыз балдардын окуудан башка дагы маселеси пайда болот. Бул - турмушка чыгуу. Анткени элибиздин менталитетине ылайык, бойго жеткен кыздар турмушка чыгып, үй-бүлөлүү болушу керек.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда орточо турмуш куруу курагы аялдар 24 жаш, ал эми эркектер 28 жаш болуп эсептелет. Маалыматка караганда, мындай көрсөткүч республика боюнча акыркы 10 жылдан бери байкалууда.

2000-жылы өлкөдө аялдардын орточо турмуш куруу курагы 23 жаш болсо, эркектердики 27 жаш болгон.

Мындан сырткары, негизинен баш кошуу 22 жаштан 29 жашка чейинки куракта болот.

Өткөн жылы Ош, Баткен жана Талас облустарында турмуш кургандар башка аймактарга караганда бир кыйла көбүрөөк болгон. Ал эми Бишкек шаарында азыраак катталган.

Серепчилердин баамында, турмуш куруу курагынын акырындан өсүп жатышы –бул жаштардын жогорку билимге ээ болуп, жумушка орношкон соң гана баш кошуп жатышканынан кабар берет.

Кыздарга карата мамиле кандай болуусу керек?
Жамиля Капарова:
"Аял кишинин укугу мыйзам боюнча да, дин жаатында да эркек киши менен бирдей. Алардын коомдогу орду, ээлеген кызматтары жана үй-бүлөдөгү шарттарын эске алуу керек."
Жамиля Капарова. “Энсан Диамонд” коомдук бирикмесинин директору.
Абы уулу Давудбек:
"Өлкөбүздүн дээрлик 80%ын мусулмандар түзөт. Ислам дининдеги кээ бир маселелерди туура эмес түшүнгөндүгүбүздөн бүгүнкү күндө динге карата көө сыйпалууда. Алардын бири Ислам дининде аял кишинин илимге болгон максаты болсо, аны үйдө олтургузуп коюу, же анын таланты болсо, ага шарт түзүп берүүнүн ордуна, тескерисинче тоскоолдук кылуу сыяктуу нерселер динде жок."
Абы уулу Давудбек. Дин таануучу.
Гульсана Эсенбаева:
"Кыргыз эли эзелтеден эле тукумга, энесине өтө маани берип, тектүү жерден кыз издеген. Мисалы, Жакыптын уулу Манаска аял алып берүү үчүн кыз издеп, тажик элинин кызы Санирабиганы (Каныкей энебизди) табышы. Демек, байыркы ата-бабаларыбыз мурдатан эле генофондду жакшыртууну көздөшкөн."
Гульсана Эсенбаева. Ош шаардык Кеңешинин депутаты.
Даярдаган: Ныяз Ташматов
Made on
Tilda